www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

Отурум башталар алдында соттун катчысы Алмазбек Атамбаевди сотко алып келбегенин жарыялады. Айыпталуучу Ирина Карамушкина да отурумга келген жок.

Алмазбек Атамбаев сот процессти ансыз жүргүзүшү керек деп арыз жазган. Мындан тышкары, документте мурдагы мамлекет башчысы ага байланыштуу материалдарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүүнү суранган.

Адвокат Замир Жоошев өз кардарынын сөзүн колдоду. Ал белгилегендей, Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугуна байланыштуу, ал толугу менен айыкканга чейин анын ишин бөлүп кароо зарыл.

Башка жактоочулар да өтүнүчтү колдошту. Алардын ою боюнча, бир айыпталуучунун айынан кылмыш ишин кароо создугуп жатат.

Судья Азирет Медеров отурумду 25-октябрга жылдырды.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге каршы бир нече кылмыш иштери козголуп, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандыктар, коррупция жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу. Ал жакында эле Түркиянын жарандарына паспортторду мыйзамсыз берген, ошондой эле 2020-жылдын октябрында башаламандык уюштурган деп айыпталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости