www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран талибдер менен соода кылууга кызыктар

«Талибандын»* өкүлдөрү Ирандын расмий өкүлдөрүнүн делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу Ооганстандын убактылуу министрлер кабинетинин маалымат жана маданият министринин орун басары Забиулла Мужахид билдирди.

Тараптар экономикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурушту.

«Тактап айтканда, жакынкы он күндүн ичинде экспорттун жана импорттун агымын көбөйтүү үчүн Иран тараптан Дугарун жана Афганистан тараптан Ислам-Кала чек ара бекеттеринде иштөө убактысын сегиз саатка чейин көбөйтүү чечими кабыл алынды», - деди басма сөз катчы.

Ошондой эле, тараптар мүмкүн болушунча эки тараптуу соода-сатыкты мындан ары да жеңилдетүү үчүн пошлиналар боюнча маалымат алмашууну макулдашканы кабарланды.

Кошумчалай кетсек, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ирандын мунай министрлигинин делегациясынын Афганистан аймагына күйүүчү май жеткирүү перспективаларын изилдөө үчүн сапары жарыяланган.

*Кыргызстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук уюмга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости