www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигинин жер тыңшар Мамыты дүйнө чалат:

Ооганстанда Өзбекстандагы ислам кыймылынын (ИДУ) 300 дөй үй-бүлөсү бар, буларды башкарган кандайдыр бир жетекчилери жок, лидерлер жок болгондуктан, булар үй-бүлөлүк турмуштары менен алек болушуп, кандайдыр бир террористтик иш чараларды жасоого мүмкүнчүлүгү жок.

Орусиялык маалыматтарга таянсак «Аль-Каида» тобунун мүчөлөрүнүн саны 500дөн ашпаган адам алар да мурунку күчүн жоготушкан, алардын кайрадан террорго чыгышы ишенимсиз. ИГИЛ атка конгон «Ислам мамлекети» өз катарын Түркия менен Катардын атайын кызматтарынын жардамы менен толуктап турат, бирок алардын «Талибандар» менен болгон ысык мамилеси сууп, булардын ортосун кара мышык аралап кеткен.

Акыркы жылдары ИГИЛ үчүн аянбай башын тосуп берип согушкандар «талибандар» болгон, ИГИЛден адамдар Ооганстандын бийлигинин башына келет деп үмүт кылбай эле коюш керек.

Талибдер менен Жакынкы Чыгыштын арабдарынын ортосунда ислам дини боюнча түшүнбөстүктөр көп, келечектеги ооган мамлекетинин түзүлүшү боюнча да булардын ортосунда келишпестиктер пайда болот. Бул экөөнүн ортосунда согуш улантылып отуруп, акыры ИГИЛди Ооганстандын аймагынан талибдер биротоло жок кылышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости