www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун назарын бурган тендер тууралуу маалымат

26-августта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү текшерилип башталган. Бул тууралуу кечээ, 12-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Министрлер кабинети транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө эл аралык үлгүдөгү күбөлүктөрдү даярдоо боюнча тендер тууралуу түшүндүрмө берди.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматка караганда, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мекемеси ушул жылы 21-июлда бланк жана күбөлүктөрдү сатып алуу үчүн 527 млн 720 миң сомго тендер жарыялаган.

Тендер 3 лоттон турган:

- Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк;

- Тракторист-машинисттин күбөлүгү;

- Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк.

Тендерге катышуу үчүн 2 компания документ тапшырган:

- «Учкун» ААК — «Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк» лотуна 319,6 млн сом сунуштаган;

- «Госзнак» ЖЧКсы — «Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк» лотуна 336 миң сом жана «Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк» лотуна 518,5 млн сом сунуштаган.

Жыйынтыгында «Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк» жана «Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк» лотторун «Госзнак» ЖЧКсы жеңип алган.

Кийинчерээк тендерди жокко чыгарышкан. Министрлер кабинети бүгүн, 13-сентябрда «Унаа» мекемесинин ишмердүүлүгүн текшерүү иштеринин жыйынтыгын жарыялай турганын убадалады.

«Келип түшкөн маалыматка ылайык, бланктарды даярдап берүү үчүн 518,5 млн сом сунуштаган «Госзнак» менен түзүлгөн келишим бланктардын баасынын 2 эсе кымбатташына алып келмек», - деди министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Госзнактын» негиздөөчүлөрү болуп Подобедов Олег Владимирович, Давиденко Геннадий Валерьевич, Мамлекеттик мүлк министрлиги, Давиденко Наталья Геннадьевна саналат. Жетекчиси — Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич.

Ишмердүүлүгү — гезиттен сырткары полиграфиялык продукцияларды басып чыгаруу. Компания 2017-жылы 13-июнда кайра каттоодон өткөн.

Ал эми «Унаа» мекемесин 2020-жылдын октябрь айынан бери Түмөнбаев Турусбек Тогузбаевич жетектеп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости