www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын Гор провинциясынын борбору Чагчаран шаарында талибдер жолдошу менен балдарынын көзүнчө полиция кызматкери Бану Негарды атып өлтүрүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бану Негар сегиз айлык кош бойлуу болгон жана жергиликтүү абакта иштеген.

Күбөлөрдүн айтымында, куралчандар 4-сентябрь күнү маркумдун үйүн тинтишип, туугандарын байлап салышкан. Анын үй-бүлөсү кабарчыларга маркумдун сокку жеген денесин сүрөткө тартып жөнөтүшкөн.

Ал эми талибдер бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдиришкен. Уюмдун өкүлү Забиулла Мужахид бийлик бул окуядан кабардар экенин жана иликтөө жүргүзүп жатканын баса белгилеген. Анын пикири боюнча, Негарды өлтүрүү жеке кастыктан улам жасалышы мүмкүн.

Буга чейин Газни провинциясында согушкерлер аялдарды жергиликтүү радиостанцияларга жумушка тартууга тыюу салган. Бириккен улуттар уюмунун укук коргоочуларынын айтымында, учурда ооган аялдарынын абалы өтө оор. Аларга мектепке барууга тыюу салынып, көчөдө сабап жана уурдап кетишет.

Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жашоочулары мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости