www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы тергөө изоляторунда кармалып турган аялдардын жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан укуктары бузулуп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Аталган борбордун бир нече өкүлү Жалал-Абаддагы №53 тергөө абагында болушкан. Жабык жайдагы бир нече аял аларды кармоо шарттарына карата нааразылыгын билдирген.

Аялдардын биринин айтымында, Ж.М аттуу кызматкер аны кысымга алып, интимдик жерлерине тийген, муну токтотууну сураганда, түрмө кызматкери "туткундарга так ушундай мамиле кылуу керек" деп орой түрдө сүйлөгөнүн айткан.

"Башка аялдар да Ж.М тарабынан кемсинип, физикалык күч колдонулуп, өзүн жаман сезгенине карабай оор көнүгүүлөрдү аткарууга мажбур экенин билдиришти. Кармалгандардын биринин айтымында, ал душка түшкөнү жатканда, эркек коштоочулардын алдында чечинүүгө мажбур болгон. Аялдарга жеке гигиена каражаттарын колдонууга тыюу салынат, убактылуу кармоо изолятордагы кызматкер аларга жеке буюмдарын берүү же бербөө керек экенин өздөрү чечишет", - деп билдирет Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгү.

Эксперттер ошондой эле, изолятордун ашканасында тазалык сакталбаганын, кармалгандарга берилчү 80 грамм эттин ордуна 15 граммдан ашпаган эт берилип жатканын аныкташты. Буга кошумча ашпозчу санитардык китепсиз жумушка алынганы билинип, акт түзүшкөн.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун облустагы өкүлчүлүгү жаза аткаруу системасы менен ички иштер органдарын мыйзамдарды, адам укугун сактоону көзөмөлдөөсүн талап кылып, прокуратарага кайрылышты.

Борбор тергөө абагынын жетекчилигине жана бардык кызматкерлерине карата чара көрүү, керек болсо кылмыш иштерин козгоо өтүнүчүн билдирди.

Бул ортодо Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" ар бир тергөө изолятору жана абактарда камералар орнотулганын, адам укугун бузуу фактылары мүмкүн эмес экенин айткан.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости