www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун АКШнын Геологиялык кызматы билдирди. Жер титирөөнүн очогу Тажикстан менен чектешкен Бадахшан провинциясында жайгашкан. Жер титирөө коңшу мамлекеттерде – Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда сезилген.

Жер титирөөнүн кесепеттери Тажикстанда (Дүйшөмбү шаарында – 5 балл), Казакстанда (Чымкент, Тараз, Алматы, Түркстан облустарында 3 балл) жана жана Өзбекстанда (Термезде жер титирөөнүн күчү 6 балл, Ташкентте 5 баллды түздү), деп билдирет Интерфакс. Жер титирөө Түркмөнстанда, Кыргызстанда жана Кытайда да сезилди, деп билдирет NewTimes.kz.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости