www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" кыймылынын Ооганстандын түндүгүндө кулачы кеңейип, алар дагы да болсо басып алуусун улантууда. Бул тууралуу Ооганстан президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохибге таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Учурда кырдаал өтө олуттуу. Бирок Ооганстандын коопсуздук күчтөрү, аларды колдоого келген жөнөкөй адамдар менен чогуу коопсуздук кырдаалын турукташтыруу үчүн иштеп жатышат. Эгер "Талибан" аскерий басып алуу максаттарын туруктуулук менен жүзөгө ашыра берсе, анда абал өтө начарлап кетиши мүмкүн", - деген Мохиб.

Ошол эле учурда Мохиб Ооганстандын түндүгүндө абал өтө кооптуу экенин айткан. Ооганстан түндүгү менен Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости