www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын түндүк тарабында өзбек, тажик тектүү ооган жарандары абдан көп. Мындай пикирди эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул билдирди.

Ооганстан менен түздөн түз чектешкен өлкөлөрдүн бири Тажикстан. Ал жактагы азыркы абал Тажикстан үчүн бир топ эле кооптуу. Ар кандай божомолдор айтылып жатат. Тажик бийлиги региондорун толук көзөмөлгө ала албайт деген дагы ойлор айтылып келет. 

Мисалы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда деле расмий Дүйшөмбү мүмкүн согушкерлерди көзөмөлдөй албай калды же аралашып кетти, расмий бийлик да колдоп тигилер дагы деген көз караш бар да.

Башкача айтканда өз аймактарын көзөмөлдөө расмий Душанбеге абдан эле кыйын болот. Анткени, Ооганстандын түндүк тарабында өзбек, тажик тектүү ооган жарандары абдан көп. Алар көп жылдардан бери жашап, согушкерлер менен талиптерди колдогондор, ар кандай топтор дагы абдан көп.

Курал жарак, баңгизат аткезчилиги этникалык диаспоралар аркылуу жасалат. Башкача айтканда, коррупция Тажикстанда дагы абдан күч алган. Баары билип турат. Ошол схемалар дагы күч алып кетсе расмий Дүйшөмбү көзөмөлдү мындан да көбүрөөк жоготуп алышы мүмкүн. Ошондуктан кооптуу эле", - дейт серепчи. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости