www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасын кабыл алып, аларга батасын берди.

Тилекке каршы Токиодогу Олимпиадада  бара жаткан спортчулардын кийими социалдык тармакта талкууга түштү. Айрымдар  чапандагы гүлдөр менен “радугаларды” каттуу сынга алышты.  

Канышай Мамыркулова: - Сакураны гейшалардын кимоносуна чапташкан экен. Биздин спортсмендердин чапанына чаптап салышты.  

Кут Келсин: - «Дилбар» мода үйүнүн кекиртеги керней. Улут учун күгөн патриотко тиктирүү керек болчу... Кыргыздын кылым карыткан оюулары турганда кайдагы бир сакураны чаптап... уят эле...Ушул форманын ар бири 95 миң сомго тигилиптир. "Дилбар" мода үйү өлөсүңөр го?!

Тилек Абдиев: - Баасынан мурун форманын модели кантет? Мага такыр жаккан жок иши кылып...

Гульнара Гульнара: - Банный халаттай кылбай, кичине калпакка подсвет кылып коюшса болмок. Розовый гүл эркекке зачем? Понимаю, азыр заман өзгөргөн. Бирок өзүбүздүн оймолор эле сонун болмок. (менин оюмча)....

Кенжебек Арыкбаев: - Атаны кокуйдуку, булар не кудага же Мекеге барышат бекен. Казактар менен өзбектердикин карасаңар. Бизде деле чыныгы көчмөндөр мүнөзүн чагылдырган, улуттук духта не деген сонун орнаменттер бар.Эми ушу "чапандарды", андан дагы сакураны чаптап алгандарын карабайсыңарбы, ушуну бүт Дүйнө карап турчу Олимпиаданын ачылышында кийип чыгышат бекен. Апчхи!

Жаз Айым Айдекова: - Кийимин бергиле. 95 миң сомду кайтарып берсин.

Чинара Карасартова: - Бетиииим.

Мамытова Надежда: - Кыргыздын улуттук кийимине сакура при чем? Ну и что Японияга барышса, где логика? Что-то переборщили!?

Наргиз Мадеминова: - Сому өлүп кетсин оногу розовый гүлдөр зачем балдарга...

Эске сала кетсек, Токиодогу Олимпиадада жеңишке жеткен курама команданын спортчуларына – 10 млн сомдон, күмүш медаль үчүн – 7 млн сом, коло медаль үчүн 5 млн сом каралган.

Башкы машыктыруучуга – спортчунун акчалай сыйакысынын 30% өлчөмүндөгү суммасы, улук жана жеке машыктыруучуга – спортчунун акчалай сыйакысынын 25% өлчөмүндөгү суммасы, биринчи машыктыруучуга спортчунун акчалай сыйакысынын 10% өлчөмүндөгү суммасы төлөнөт. Медицина кызматкерлерине Олимпиада оюндарынын чемпиондор жана олимпиадалык медалдын ээлери үчүн жалпы сыйлык фондунун 10% өлчөмүндө сый акы төлөнөт.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости