www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Түрк бийлигинин ойлонулбаган чечими биздин суверенитетке, аймактык бүтүндүгүбүзгө доо келтирип, улуттук кызыкчылыгыбызга каршы келет» ,- деп жазылган талибдердин 13-июлда таратылган билдирүүсүндө.
Анкара буга чейин Кабул аэропортун коргоо үчүн эл аралык коалициянын курамындагы түркиялык аскерлерди калтыруу чечими каралып жатканын жарыялаган. Ооган өкмөтү жана Вашингтон менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган.
Түркиялык аскерлер буга чейин стратегиялык мааниге ээ Кабул аэропортунун коопсуздугун камсыздап келишкен.
Талибдер учурда Ооганстандын 423 районун көзөмөлдөп турат. Алар өз чабуулдарын 1-майда, АКШнын жана НАТОнун күчтөрү чыгарыла баштагандан тартып күчөтүшкөн.
Жоочулар жакын арада Кабулду басып алышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани аймактагы кырдаалга жеринен күбө болуу үчүн түндүктөгү Балх провинциясынын борбору Мазари-Шариф шаарына жөнөп кеткени маалым болду. Калаа өзбек-ооган чек арасынан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Булак: NazarNews.kg