www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүрөк хирургиясы илимий-изилдөө институтунда өрттөн каза болгон балдарды керектүү жабдууларга туташтырууга үлгүргөн эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.

Ал белгилегендей, өрт жертөлөдөн башталып, вентиляциядан улам түтүн жогорку кабаттарга, анын ичинде палаталарга жана реанимацияга тараган. «Дарыгерлер бейтаптарды коңшу бөлүмгө эвакуациялай башташты. Эки бала керектүү жабдууларга туташтырууга үлгүрбөй каза болду», — деди ал.

Операциядан кийинки — 1 жаш 7 ай жана 16 жаштагы балдар Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимациясында каза болушкан.

Последние новости