www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдарына дарыгерлердин шалаакылыгы менен ВИЧ илдети жуккан балдардын ата-энелери моралдык кенемте талап кылууда. Ата-энелер мамлекет балдарына 1 млн. сом кенемте төлөп бериши керек деп эсептешет.

Алардын кызыкчылыгын коргогон "Өнөктөштүк желеси" деп аталган ассоциациянын башчысы Айбар Султангазиевдин айтуусунда, мамлекетти сотко берүүнү каалаган 90 ата-эне бар:

"Биздин ассоциациянын жана "Сорос - Кыргызстан" фондунун юристтери тарабынан учурда төрт ата-эненин арызы сотко берилди. Башкалары да кайрылышкан, бирок документтериндеги мүчүлүштүктөр, айрымдары мурда алышкан экен, ошолордун арасынан азырынча төртөөнүн атынан ишеним каттар жана арыздар сотко берилди".

Юристтин айтуусунда буга чейин соттун чечими менен мамлекет тарабынан 500 миң сом төлөп берүү милдеттендирилсе, айрым энелер 50 миң сомго да макул болушкан. Айрымдары балдарына ВИЧ жукканын эпидкомиссия аркылуу иликтешкен эмес.

Жыл башында Жогорку сот мамлекетти баласына ВИЧ жуккан энеге 2 млн. сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Ошондон кийин балдарына ооруканада ВИЧ жуккан ата-энелердин көпчүлүгү мамлекеттен моралдык кенемте төлөп берүүнү талап кылып, юристтерге кайрылышкан.

Кыргызстанда 382 балага ВИЧ 2006-2007-жылдары ооруканада жаткан кезде жуккан. Алар Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашайт. Дарыгерлердин катасынын айынан илдетке чалдыккан балдардын алды 20 жаштан өтүп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости