www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орхан Инандынын Түркиянын атайын кызматтары тарабынан кармалышы боюнча анын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Таалайкүл Токтакунова билдирүү жасады.
Ал мыйзамдын негизинде, эл аралык нормаларды сактоо менен Кыргызстандын жаранын кайтарып келүүнү талап кылат.
Анын айтымында, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталышы керек.
Ал эми үй-бүлөсүнүн абалы тууралуу айтып жатып: «Азыр Рейхан Инанды (Орхан Инандынын жубайы) менен жолугууга барам. Ал түндө өзүн жаман сезип баштаган», - деп билдирди.
Орхан Инандыны Түркияга алып кетишкенин түрк маалымат каражаттары 5-июлда президент Рейжеп Тайип Эрдоганга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
«TRT Haber» каналынын маалыматына ылайык, Эрдоган бул тууралуу Министрлер кабинетинин отурумунан кийин айтты.
Анын айтымында, «ФЕТОнун жогорку лидерлери деп аталган адамдардын бири» кармалып, Түркияга жеткирилген. Операцияны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму жүргүзгөн.
«Биздин өлкөгө ФЕТ0нун Борбор Азиядагы башкы директору Орхан Инанды алынып келди», - деди Эрдоган.
Ал өз сөзүндө: «Мамлекетке жана улутка чыккынчылык кылган, буктурмаларды уюштурган, кан төгүп, материалдык жана моралдык зыян келтирген эч кандай түзүмдүн болушуна жол бербейбиз», - деп белгиледи. Эрдоган ушул күнгө чейин бир катар өлкөдөн Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин кошумчалады.
«Сапат» (мурунку «Себат») кыргыз-түрк мектептер тармагынын президенти Орхан Инанды 31-май күнү кечинде байланышка чыкпай калган. Таңкы саат төрттөр чамасында анын унаасы Малдыбаев көчөсүнөн табылган.
Булак: NazarNews.kg