www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Зеленскийдин ооз ачып сүйлөгөнүнүн баары иштин таш-талканын чыгарып жатат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды.

Ак үйдүн кожоюну жазгандай, Зеленский "кандай иштерди жасаса ошондой сүйлөп, өзүнүн өлкөсүнө "кызматын" көрсөтүүдө".

"Оозунан чыккан сөздүн баары кесепетин тийгизип жатат. Мага мунусу жаккан жок, анын унчукпай турганы жакшы эле", — деген АКШ президенти.

Трамп Россиянын азыркы иштерин Украинада "себепсиз таштаган кадам" катары сыпаттаган. Ак үй кожоюнунун пикиринде, Москванын Украинаны басып алам деген каалоосу болсо, ал "Россиянын кыйрашына алып келмек".

Трамп буга чейин Зеленскийди колунда көзүрү жоктугун белгилеп, Россия менен диалогду үзгүлтүккө учуратканы үчүн бир нече ирет сындаган. Апрелде Киев бийлиги же кепке келет, же үч жылдан кийин өлкөнү таптакыр жок кылат деген. Май айында аны "дүйнөдөгү болуп көрбөгөндөй соодагер" деп атаган.

РФ Коргоо министрлиги 25-майда россиялык күчтөр Украинадагы ракеталык куралдардын жана кол салган дрондордун компоненттерин чыгарган аскердик-өнөр жай комплекстеринин ишканаларын жапырт аткылоого алып, баары талкаланганын билдирген.

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков армия турак жайларды жана социалдык мекемелерди аткылабагандыгын айтты. Кремлден украин жаңжалын жөнгө салуу маселесинде аларды кысмакка алуунун пайдасы жоктугун, бул боюнча Москванын өз позициясы бардыгын белгилешкен.

Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин жана Дональд Трамп өткөн жумада телефондон сүйлөшүп, Украинадагы согушту талкуулаган. Россия президенти алардын маектешүүсү эки саатка чукул созулганын, Москва болочоктогу тынчтык келишимине алып келчү меморандум жаатында Киев менен иштешүүгө даяр экендигин билдирген.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости