www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Опера ырчысы Рената Скотто каза болду

Италиялык опера ырчысы Рената Скотто 90 жашында каза болду. Бул тууралуу Corriere della Sera билдирди.

Гезиттин маалыматында, “XX кылымдын эң көрүнүктүү сопранолорунун биринин ээси” Скотто Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан Савона шаарында каза болгон.

Рената Скотто 19 жашында Габриелло Чиабрера театрында "Травиатадагы" Виолеттанын ролунда дебют жасаган. 1953-жылдын аягында Миландын "Ла Скала" опера театрында - Альфредо Каталанинин "Валли" спектаклинде ойной баштаган жана ошол менен элге таанылган. Бир нече жылдан кийин ал Эдинбургдагы Мария Калластын ордуна Беллининин “Ла соннамбула” спектаклинде эл аралык атак-даңкка ээ болуп, андан соң Нью-Йорктогу Метрополитен операсынан Лондондогу Королдук опера театрына чейин дүйнөдөгү эң абройлуу опера театрларын гастролдогон.

1964-жылы Скотто Москвага гастролго чыгып, Чоң театрдын сахнасында ойногон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости