www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африка Биримдигинин Тынчтык жана Коопсуздук Кеңеши (CPS) Нигердеги козголоңчуларга каршы күч колдонуудан баш тартты. Бул тууралуу франциялык Le Monde басылмасы өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

14-августта болгон жыйында кеңеш Нигерде бийликти басып алган аскерлерге каршы күч колдонуудан баш тартуу чечимин чыгарганы белгиленген.

Дипломаттардын биринин айтымында, аскерий кийлигишүү "кыргынга" алып келиши мүмкүн.

Африка Биримдигинин Коопсуздук Кеңеши да Нигердин уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуусун убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды.

Буга чейин БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик брифингде БУУ Нигердеги жаңжалды жөнгө салууда Батыш Африка мамлекеттеринин коомчулугуна (ECOWAS) жана Африка биримдигине колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын билдирген. 10-августта ECOWAS штаб башчыларына Нигердеги козголоңдон улам тез арада резервдик күчтөрдү жайгаштырууну тапшырды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости