www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн социалдык тармактарда “Ысык-Көлдө эс алуучулар сабалды” деген видео тараган. Милиция журналисттерге окуя боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 16-августта болжол менен саат  19:00 чамасында милицияга мушташ боюнча маалымат түшкөн. Скутерди ижарага алып иштеткен жарандар менен эс алуучулар ортосунда ызы-чуу чыккан. Эс алуучу скутерди айдап жүрүп, моторуна суу киргизип алган. Ал төлөөнү убада кылып, бирок жээкке чыкканда убадасына турган эмес. Натыйжада мушташ чыккан. Учурда окуяга катышкан эс алуучулардын өздүгү такталып жатат. Ал эми скутерди ижарага алып иштеткендер милицияга жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости