www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында беш өлкөнүн бийчилери жөө жүрүш жасашты

Ош шаарында "Бий искусствосу-2023" эл аралык фестивалы башталды. Иш-чара 19-августка чейин уланат. Бул тууралуу Шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов билдирди.

Индия, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Кыргызстандын бий топтору катыша турган фестиваль шаардагы Бабур атындагы музыкалык драма театрынын алдында старт алды.

“Иш-чаранын ачылыш аземинин алдында анын катышуучулары улуттук ыр-бийдин коштоосунда борбордук аянттан Ленин көчөсү менен шаардагы Бабур атындагы музыкалык драма театрына чейин жөө жүрүш жасашты. Фестивалдын алкагында республиканын бардык аймактарынан келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү да ачылды", — деди Кадыркулов.

Маданий саамалыкты Ош шаардык мэриясы менен Ош шаардык маданият башкармалыгы уюштурууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости