www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Опумбаев менен Жунушалиев качан камалат?

Мыйзам иштеген жерде тартип, жоопкерчилик, өнүгүү болот. Эгер, мыйзамды буйлаланган төөгө айлантып, ыңгайына жараша иштетип, кааласак тизеге чаап чөөгөлөтүп, кааласак буйласынан силкип тургузуп жетелеп кете берсек, өлкөдө чыр-чатак, башаламандыктан башка эч нерсе болбойт. Ырым, түшүнүк менен алыс барбайбыз. 

Ошондуктан, кимде-ким мыйзамсыз иштерди жасаган болсо сөзсүз укуктук баа берилип, жоопкерчилиги каралыш керек. Тилекке каршы, бизде учурда карга карганын көзүн чукубайт болгон өң карама, тандалма, өз-жат деп бөлгөн саясат өкүм сүрүп жатканы өкүндүрөт.

Болбосо, 2020-жылы Октябрь окуясында жүздөгөн адамдар майып болуп, Үмүт аттуу жаш жигит каза болду. Ошол кезде күч түзүмдөрүн башкарган УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевдин кылдары кыйшайбай жүрүшөт. Мыйзам иштегенде эмгиче сурак беришип, алчу жазаларын алышып түрмөдө отурмак. Кийинкилерге сабак болмок. Булар мыйзамдан жогору тургандай, периште же пайгамбар беле? Мейли, акыйкаттык акыры орнойт.  Жооп берчү күн да келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости