www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын футбол боюнча курама командасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) жолдоштук беттешине катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Россия футбол союзунун башкы катчысы Максим Митрофанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын "Р-Спорт" жазды.

"CAFA турнирине катышпай турган болдук. Кечээ расмий кат жолдодук. Башкы себеби — оюнчуларга ашыкча күч келтирбейли дедик", — деген Митрофанов.

Буга чейин Тажикстандын футбол союзу РИА Новости агенттигине Россиянын курама командасы аталган турнирге катышууга макул болгонун билдирген. Андан кийин Россия тарап команданын катышуусу жана шарты азырынча талкууланып жатканын айткан.

Борбор Азия футбол ассоциациясынын биринчи чемпионаты 9-21-июнга белгиленген. Иш-чара Бишкек менен Ташкентте өтөт.

Эскерте кетсек, Россиянын футбол союзу курама команданы CAFA кубогуна катыштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы айтылган. Борбор Азия мамлекеттеринин баары россиялык команданын ойноосуна макул болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости