www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын тургуну аялын жашы жете элек балдарынын көзүнчө муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу борбор калаанын Тергөө комитетинин басма сөз кызматына таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Окуя 18-апрелде Литва бульварындагы үй-бүлөнүн батиринде болгон. Жаңжал учурунда эркек аялды муунтуп, натыйжада ал эсин жоготкон.

Жабырлануучу ооруканага жаткырылды. Күйөөсүнө карата "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

“Азыр ал кармалды, жакын арада сот ага карата баш коргоо чарасын тандоону чечет”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости