www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орхан Инандын колдоочулары бүгүн да митингге чыкты

Бүгүн, 3-июнда Ак үйдүн алдына 200дөн ашуун адам чогулду. Алар «Сапат» лицейинин бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдери. Ошондой эле «Сапат» лицейинин окуучуларынын ата-энелери дагы бар.

Чогулгандар 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны тирүү табууну талап кылып жатышат.

Митингчилердин арасынан 5 адам Ак үйгө кирүүгө жөнөп кетти.

Эске салсак, 1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен. Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. Түндө саат 4:20да милицияга Орхан Инандынын унаасы 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн короосунда табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости