www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандагы Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Казакстандын аймагы аркылуу жүк ташууну ишке ашыруучу кыргыз жүк ташуучуларынын унааларынын кыргыз-казак чек арасындагы тыгын бюнча маселесин чечүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Улукбек Марипов элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишинин башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматтагы ийгиликтерди жана жемиштүү иш каалады, деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости