www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орозо −2026: Бүгүн Кадыр түн белгиленет

Бүгүн Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Кадыр түн ыйык Орозо айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү өткөрүлөт. Бул — Рамазан айынын акыркы он түнүнүн бири. Бул түндү жер шарындагы миллиарддаган мусулмандар чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени бул түн жылына бир гана жолу келип, анын баалуулугу 83 жылга тете.

«Кадыр» деген сөз ислам окумуштуулары тарабынан ар түрдүү чечмеленген. Негизинен, «өтө кадырлуу, улуу түн» дегенди билдирет. Дагы бир чечмелөөдө «кысылуунун, тардыктын түнү» деп да айтылат. Бул ошол түнү жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылары менен түшүндүрүлөт.

Ислам түшүнүгүндө Кадыр түн — Куран түшүрүлгөн ыйык түн.

Ошондуктан бул күнү мусулмандар Куран окуп, дуба кылып, ибадатка көбүрөөк көңүл бурушат.

Последние новости