www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жана Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан мыйзамсыз балык уулоого каршы кезектеги рейд жүргүзүлдү.
Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 400 метрди түзгөн эски кытайлык балык уулоочу тор чыгарылды.
"Аталган мыйзамсыз балык уулоочу каражаттар көлдүн экосистемасына олуттуу зыян келтирип, балык ресурстарынын азайышына алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу инспекторлор тарабынан мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет", - деп айтылат маалыматта.

