www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус аскерлери Украинадагы 18 ооруканага сокку урду

Орусия эки жума мурда Украинага басып киргенден бери 18 медициналык жайды бутага алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 9-мартта Мариупол шаарында орус аскерлеринин аба соккусунан төрөткана талкалангандан кийин билдирди.

Буга кошо Украин расмий өкүлдөрү бомбалоодон бери дегенде 17 киши жарадар болгонун маалымдады.

Ошондой эле, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ооруканаларга, тез жардам машинелерине болгон чабуулдардан 10 киши каза тапканы тастыкталганын белгиледи.

Өз кезегинде, Мариуполдун шаар полициясынын жогорку өкүлү Владимир Никулин урандылардын жанында туруп, “Орусия бүгүн ири согуш кылмышына барды. Бул согуш кылмышын актоого болбойт” деп айтты. Украинанын президенти Владимир Зеленский соккуну "жырткычтык" деп атап, урандылардын астында адамдар калганын айткан.

Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген.

Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды.

Ал эми БУУнун маалыматы боюнча согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам өлкөдөн чыгып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости