www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-мартта Анталияда Түркия, Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын жыйынтыктарына ылайык, жолугушуу 1 жарым саатка созулуп, Кулеба Лавров менен болгон сүйлөшүү татаал болгонун билдирген.

Түркияда өткөн жолушууда, Тышкы иштер министрлери Украинадагы абал тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, гуманитардык коридорлор, ок атууну токтотуу боюнча талкуу болгонун маалымдашты.

Ошондой эле, Украинанын ТИМи согушту дипломатиялык жол менен чечүүгө бар аракетин жумшаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жолугушуу Орусия менен Украинадагы согушту сүйлөшүү максатында Түркия тараптын демилгеси менен уюштурулган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости