www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия бийлиги мобилизациядан кийин өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын аты-жөндөрүн каттоого алууда. Бул тууралуу 28-сентябрда Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин билдирди.

Ал тизме эмне себептен түзүлүп жатканын так айткан жок.

“Алар чыгып кетип жатканын, ким кетти, эмне үчүн кетти, эч ким көргөн-билген жок деп ойлоп жатасыңарбы?”– деди Володин Думанын жыйынында. Анын айтымында, орусиялыктар мобилизациядан качып, Москва “туруктуулукту түзүп койгон” Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө кетип жатышат. Мамдума төрагасы кеткендер кайта турганын билдирди.

Чек арадагы кезекке байланыштуу качкындардын көбү Орусияда автоунааларын таштап кетүүдө. Мамдуманын төрагасы бул машинелерди аскерлердин үй-бүлөлөрүнө берүүнү сунуштады.

Өткөн аптада мобилизация жарыялангандан кийин Орусиянын чек-ара өткөрмө бекеттеринде узун кезек жаралып, аба жана темир жол билеттеринин акысы кескин кымбаттап кетти. Өлкөдөн канча киши чыгып кеткени так айтылган жок, бирок кеп он миндеген адамдар жөнүндө болуп жатат.

Германия менен АКШ орус качкындарын кабыл алуу маселесин кароого макул болду, бирок Орусиянын алар менен кургакта чек арасы кесилишпейт. Качкындар биринчи кезекте Казакстанга, Башка Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Грузияга сапар алышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости