www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иранда 12 күндөн бери демонстрация уланууда. Буга хижап кийүү эрежесин бузганы үчүн камалып, ур-токмоктон көз жумган Махса Амини аттуу студент кыздын окуясы себеп болду.
ЖМКлардын маалыматына караганда, 27-сентябрда нааразылыктын катышуучулары менен полиция кагылышты, көптөгөн кишилер камалды. Демонстрация Тегеран, Тебриз, Коража, Кум жана Йезд шаарларында өтүп жатат.
Fars маалымат агенттигинин кабарлашынча, 16-сентябрдан бери полиция менен болгон кагылышуулардан кеминде эле 60 киши набыт болду.
Укук коргоочулар айрым райондордо интернет өчүрүлгөнүнө байланыштуу алар окуя учурунда тартылган видеолор менен бөлүшө албай жатканын айтышууда.
Бул арада Ирандагы Адам укуктарын коргоо уюму кеминде 76 киши өлгөнүн, 1200 адам кармалганын билдирүүдө. Tasnim агенттиги кармалгандардын арасында Ирандын мурдагы президенти Али Акбар Хошими Рафсанжанинин кызы да бар экенин жазды.
22 жаштагы Махса Амини Тегеранда хижап кийүү жөнүндө мыйзамды бузуу айыбы менен камалган. Камалгандан кийин ал комага түшүп, үч күндөн кийин ооруканада каза болгон.
Булак: NazarNews.kg