www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министрлигинин кармалганынан кабардар, деп билдирди мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

"Аталган иштин ар тараптуу иликтениши камсыз болот", - деди ал.

Эскерте кетсек, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кечээ пара алып жаткан жеринен кармалган.

ИИМ Бейшеналиевдин ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалашты.

Бейшеналиев 2020-2021-жылдары ушул эле министрликти жетектеп, кийин Швейцариядагы элчи жана Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп кеткен.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында ал кайрадан министр кызматына дайындалган. Бейшеналиев реформаларды жүргүзүү, анын ичинде 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан.

Ошондой эле анын тушунда мектеп директорлору сынак аркылуу тандалып алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости