www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель Орусия президенти Владимир Путиндин сөздөрүн олуттуу кабыл алуу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал мурдагы федералдык канцлер Гельмут Коль фондунун ачылышында билдирди.
«Биз анын сөздөрүн олуттуу кабыл алышыбыз керек. Сөздөрдү олуттуу кабыл алуу, аларды башынан эле блеф деп эсептебей, олуттуу кабыл алуу алсыздыктын же тынчтануунун белгиси эмес, саясий даанышмандыктын белгиси – маневр жасоого мүмкүнчүлүк берген даанышмандык», - деди ал.
Буга чейин Путин 21-сентябрда мобилизация башталганына байланыштуу элге кайрылуусунда орус өкмөтү өз аймактарын коргоо үчүн «бардык каражаттарды» колдонууга даяр экенин жана «бул блеф эмес» деп билдирген.
Эске сала кетсек, Орусияда мобилизация 21-сентябрда башталган. Орусиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, аскер кызматына запастагы жана тиешелүү аскердик тажрыйбасы жана согуштук тажрыйбасы бар жарандар чакырылат.
Өкмөт порталында биринчи кезекте 35 жашка чейинки катардагы жоокерлер жана сержанттар, 50 жашка чейинки кенже офицерлер жана 55 жашка чейинки улук офицерлер мобилизацияланат деп айтылат. Мобилизациядан кийин орустар массалык түрдө өз мекенин таштап, чет өлкөлөргө кете башташкан.
Шойгунун айтымында, мобилизациянын алкагында армияга 300 миң адам келүүсү пландалууда. Орусия акыркы 10 жылда жарандыгын алган борбор азиялыктарды аскерге тартуу ниети бар экенин да кабарлаганбыз.