www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев досу Бекназаров менен кармашы 2010-жылы апрелде башталат. Кыргыздын салтын сактабай жаш жигиттер өлүп жатканына карабай Атамбаев душка түшкөнү кетет. Кыргыздар киши өлгөндө сууга түшчү эмес. Кайра келген соң Убактылуу Өкмөт түзүлүп калат, Атамбаев буга нааразычылыгын билдирет.

УӨ олку-солку болуп турганда бир гана Бекназаров чекит койот. Атамбаев досу Бекназаровдун бул "кылыгы" үчүн ичинен кек сактап калат.Бажы башчысын талашууда да Атамбаев менен Бекназаров "челкилдеше" кетип, мөөрөйдү Отунбаева Атамбаевке жылдырат. Эки достун ортосунда жара ырбай баштайт.

Атамбаев өзбек диаспорасын лидери Кадыржон Батыровду Отунбаева менен жолуктурган, Бекназаров Батыровго каршы Отунбаевага кирет. Ошентип, отуруп июнь айы кирип келип, Исмаил Исаковдун туулган күнүн тойлоп жатышканда Ош коогалаңы башталат. Бекназаров угар менен Ошко аттанат, Атамбаев "Алкогольный абстинентный синдромго" кирип кетет. "Синдромдон" чыкканча бир топ эң татаал күндөр өтүп, Ош коогалаңы тынчтык жолго бет алып калат.

Атамбаев Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзияевке телефон чалымыш болот. Анан Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асановду чакыртып: "Бекназаровду аттырып салгыла, эл ызы-чууда Бакиев аттырды деп ойлосун" - дептир. Албетте, ал иш орундалган жок.

Атамбаев президент болгон соң досу Бекназаровду Ак үйгө жакын жолоткон жок. Текебаевге окшоп каматып деле коймок, бирок эл көтөрүлүп кетеби деп элден чоочуду. Сооронбай Жээнбековдун учурунда бир топ мамлекеттерди тандап туруп Бекназаров Малайзияга элчи болуп жөнөп кетет. Ошол бойдон Жээнбековдун да баш мээси тынч, Бекназаровдун да баш мээси тынч эле. Садыр Жапаров деле эми абышка ошол жакта жүрө берсин дебей, аны кызматынан алды. Бекназаров пресс-конференция өткөрдү эле, аким болуп калган баласына асылып камалган. Ортодо Тажикстандагы чуулгандуу окуялар чыгып көңүлдүн бары ошол жакка бурулган.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров журналисттерге жыйын өткөргөн. Жыйын учурунда Азимбек Бекназаров жылдар бою чечилбей келе жаткан чек ара маселесине токтолуп, азыркы бийликтин чек араны чечүүгө күчү жетпестигин айткан: "Чек ара маселесин дагы 20 жылга токтотушубуз керек.

Анткени, азыркы бийлик аны чече албайт. Көп жылдар бою создуктурулуп келе жаткан бул көйгөйдү Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликтен кеткенден кийин көтөрсөк болот. Балким, бул бийлик кеткенден кийин жаңы күчтүү кадрлар келиши мүмкүн", - деген Бекназаров.

Ал эми NazarNews'тун журналистти берген "20 жыл аралыгында чек ара маселеси дагы да курчуп, чыр чатак чыгып кетпейби" деген суроосуна:

"Биз чек ара маселесинде бизге кепил боло ала турган өнөктөштөрдү табышыбыз керек. Ал өлкө - Орусия. Анткени, Кыргызстан ШКУ менен ЖККУга мүчө мамлекет. Бул аралыкта биз чек арабызды бекемдөөгө жетише алабыз", - деп жооп берген.Чындыгы Орусиясы жок чек ара маселесин чечүүгө мүмкүн эмес.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров журналисттерге жыйын өткөрүп жатып жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан азыр Орусия менен алакасын жакшыртуу керектигин билдирген:

"Көпчүлүк өлкөлөрдө ырааттуу, системалуу тышкы саясат бар. Бизде болсо, ар бир келген президент өзүнүн тышкы саясаты менен өз билгенин кылып жатат. Ал эми башка мамлекеттерде мындай эмес, аларда президент кетсе деле тышкы саясат ишин уланта берет. Мен азыр Кыргызстанда мындай тышкы саясаты бар деп да айта албайм.

Кыргызстан биринчи кезекте Орусия менен алаканы жакшыртыш керек. Анткени, биз экономикалык, саясий, аскерий жана бажы багытында кызматташабыз. Андан кийин гана Түркия менен Кытай өлкөлөрү турат", - деген Бекназаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Азимбек Бекназаров "иштей албагандыгына" байланыштуу кызматынан кетти деген "ярлык" тагылганы менен 2 жылдын ичинде бийликке бир нече сунуш-каттарын ММКлар аркылуу ачык билдирип келгени белгилүү.

Азимбек Бекназаров 2022- жылдын 5-августунда "Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кызматтан алынды" деген чечими менен кызматтан кеткен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости