www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынында «Мир» картасын колдонгон орусиялык туристтерге каршы тоскоолдуктарды жоюу үчүн көрүлө турган кадамдарды талкуулайт. Бул тууралуу РИА Новости Sabah гезитине таянуу менен билдирди.
«Эл аралык мамилелер, жеткиликтүү социалдык турак-жай долбоорунун акыркы абалы жана экономикада жасалган кадамдар министрлер кабинетинин күн тартибинде болот», - деп айтылат материалда. Күн тартибиндеги темалардын бири орус туристтердин Түркиядагы абалы болоору белгиленди.
«Орусиялык туристтердин Түркияда колдонгон карталарына байланыштуу санкция кадамдарынан жана Европа Биримдигинин чакырууларынан кийин орусиялык туристтердин кырдаалдын курмандыгы болуп калбашы үчүн кандай кадамдар жасала турганына баа берилет», - деп жазат гезит.
Эске салсак, сентябрдын орто ченинде АКШнын Казыначылыгы Орусиядан тышкары Мир орусиялык төлөм системасынын карталарын колдонууга колдоо көрсөткөнү үчүн бөгөттөөчү санкцияларды киргизүүгө уруксат берген.
Мунун алдында 19-сентябрда Түркиянын Ис Банкасы жана DenizBank банктары эквайер катары колдонулган банкоматтар менен соода түйүндөрүндө карталарды тейлөөдөн баш тартышкан.
Булак: NazarNews.kg