www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин чечими менен Сурхандарыя облусунун акими Тура Боболов айып пул түрүндө тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу шейшембиде Өзбекстандын башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүдө санкция акимдин иши мамлекеттин саясатына жана анын реформаларына шайкеш келбегени, акимдер үчүн белгиленген талаптардын аткарылбаганы, жыйын катышуучуларына акарат келтиргени үчүн колдонулганы айтылган.
Августтун аягында соцтармактарда Тура Боболов Ангор районунун прокурору Сирожиддин Рамазоновго акарат келтиргени жазылган аудио тараган. Облус администрациясы үн акимдики экенин тастыктап, бирок ал туура эмес чечмеленип жатканын кабарлаган. “Аким нерв абалында сүйлөгөнгө аргасыз болгон, себеби жолугушуу критикалык жагдайда өткөн”, - деп түшүндүрүүгө аракет кылган акимчилик.
Сентябрдын башында президент облус мектептеринде курулуш-ремонт иштери бүтпөгөнү үчүн акимди иштен аларын айткан. Анын Ангор районунун прокурору менен болгон сөзүн эске салып, Шавкат Мирзиёев: “Эгер чарчасаң, сени да кызматтан алам” деген.
Кийинчерээк Тура Боболов Кызырык районунун акими менен кластер жетекчисин орой түрдө жемелеп жатканы жазылган жаңы аудио пайда болгон. Акимчилик бул январдагы окуя экенин айтып, аким сүйлөшүү маалында жинденген абалда болгонун белгилеген.
Булак: NazarNews.kg