www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын Чернигов шаарында күнүгө 40ка жакын адам көмүлүп жатат. Бул тууралуу шаардын мэри Владислав Атрошенко билдирди. Черниговдо иш жүзүндө электр энергиясы, суу, жылуулук жана газ жок, бардык инфраструктура талкаланган. Медициналык мекемелер да орус баскынчыларынын карамагына өткөн.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улут аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген. Ал тургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле, Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон .
Ошол эле учурда серепчилер Батыш орусиялык чийкеи заттан баш тартса, өздөрү бир топ зыянга учураарын айтып келет.
Булак: NazarNews.kg