www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Ички иштер министрлигинин Самара облусу боюнча башкармалыгы кылмыш кылып, из жашырып жүргөн бир нече чет элдик жаранга издөө жарыялады. 19-октябрда облустук полиция башкармалыгынын интернет-сайтына издөөдөгү адамдардын тизмеси чыкты.
Арасында Кыргызстандын үч жараны бар. Алар: 1993-жылы төрөлгөн Хожи Мамажанов («Мас абалында унааны башкаруу, административдик жазадан качуу» беренеси боюнча), 1995-жылы Ош облусунда төрөлгөн Иброхимжон Маматкадиров («Мамлекеттик документтерди, сыйлык, мөөр жана бланкттарды жасалма жол менен жасоо» беренеси), Ош облусунда 1996-жылы төрөлгөн Мухаммадбобур Азимжанов дагы документтерди, мамлекеттик сыйлык, мөөрдү жасалма жол менен жасоо беренеси менен изделүүдө.
Белгилей кетсек, Орусияда Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын расмий эсеби 600 миңден жогору, бейрасмий эсеп боюнча бир миллиондон ашык мигрант эмгектенет.
Булак: NazarNews.kg