www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Анда Депутат Рыскелди Момбеков парламенттик шайлоонун алдында шайлоочулар менен жолугуу сунушун киргизип, буга кээ бир эл өкүлдөрү нааразы болоду. Ал эми депутат Шайлообек Атазов шайлоочулар менен жолукпай деле иштеш керектигин билдирди. Анын айтымында, шайлоонун артынан кээ бир депутаттар сессияларга караанын көрсөтпөй кеткен.

«Сиз (ред.Рыскелди Момбеков) былтыркы күз мезгилиндей болуп Атамбаевди аянтка жетелеп чыкпаңыз деп ушуну сунуштап жатабыз. Сиз менен бирге 5 жыл депутат болуп келген уурулар бар. Ошол ууруларды бир жылдан бери көрбөйбүз. Бир апта шайлоочулар менен иштеп, андан соң министрлер кабинетине, президентке жардам берели», - деген оюн айтты Атазов.

Өз кезегинде депутат Рыскелди Момбеков - төрага иштебесе, депутаттар кантип иштейт деп жооп берди. «Тоскоолдук жараткан жокмун. Төрага шайлоого катышып жатат, вице-спикерлердин бири шайлоого, бири БУУга кетип жатат. Төрага жок болсо, жыйындарды ким алып барат? Палата иштебесе, комитет менен фракциялар иштебейт да. Маселени кайсы жакка алып чыгабыз? Мен буга каршымын, бир-бирибиздин атыбызды атабай эле коёлу. Төраганы шайлайлы анда», - деди Момбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости