www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирина Карамушкина:

Жогорку сотко, судьяларга эмне болду? Алар эмнеге кайра даттанууга жатпай турган чечимге даттанып жатат? Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина парламенттин жыйынында бүгүн ушундай суроо салды. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүм прокурордун сунуштамасы менен жокко чыгарылып, иш кайра карала башталганына нааразы.

"Кыргызстандын тарыхында мындай болгон эмес. Урматтуу төрага, мындай башаламандыкты токтотуңуз. Эмнеге бир жылдан кийин Жогорку сот өзүнүн өкүмүн четке кагат? Экс-президент Атамбаевден коркуп жатасыздарбы? Эгер Жогорку сот мыйзамдуу чечим деп эсептесе, эмнеге сот ачык өткөн жок? Эмне үчүн жабык эшик артында чечим кабыл алышты", — деп сурады Карамушкина.

Эске салсак, Жогорку сот кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүмдү былтыр 30-ноябрда жокко чыгарып, райондук сотко кайра кароого жөнөткөн. Ага чейин Атамбаев Биринчи май райондук соту тарабынан 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Ал эми мындан 8 күн мурда, 12-октябрда, Жогорку сот Атамбаевди эркинен ажыратуу боюнча мурдагы чечимин кайра калыбына келтирип койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости