www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн парламент жыйынында депутаттар Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди карады. Депутат Ирина Карамушкина Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Аида Сейдакматовадан айлык акысын сурады. Судья - айына 80 миң сом алам деп жооп кайтарды. Сейдакматованын айтымында, эмгек акыны эсептөөдө адистин иш тажрыйбасы жана квалификациялык даражасы эске алынат.

«Соттун төрагасы болуп иштегенимди эске алып, 80 миң сом алам. Мындан тышкары, мен жашыруун материалдарга кире алам. Башка соттор азыраак алат. Меникиндей тажрыйбасы бар судья 30 миң сомго жакын алат. Соттордун айлыгы бирдей эмес», - деди Сейдакматова.

Депутаттар Жогорку соттун судьялыгына Сулайманкул Атакулов, Тыныбек Бекешов жана Аида Сейдакматованын талапкерлигин колдоп, алар ант берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости