www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын басма сөз кызматы Чек ара кызматындагы пара опузалоого шектелген жетекчини кармоо учурунда тартылган видеону жарыялады.

УКМКнын маалыматына караганда, Чек ара кызматынын айрым жетекчилери калкалаган «Достук унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы жогорку кызматтагы адамдар чек арадан өткөн өзбек жарандарынан жана жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча опузалап келген.

Жыйынтыгында кечээ, 19-октябрда, «Достук унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетекчиси А.Э., Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Ч.Н., ошондой эле, Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси — Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары К.Б. кармалды. Алар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости