www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медведев Бишкекке келгенден заарканып турат, Абылгазиевдин “чимкириги чубалып” калды. Бир жагынан “түкүрүк”, бир жагынан уран масмелеси, Кой-Таш , Солтон-Сары болуп отуруп бул өкмөт ким экенин билдирип койду. Эгер Боронов бороонго төшүн тоспосо боорго тээп кетишмек.
Янкилердин чектен ашып, дүйнөнү жалгыз башкарабыз деген тилегин Путин таш каптырып келатат. Англо-сакстар улуу шовонист келишет, алар өздөрүн аристократ катары көрүп, славяндарды эшик шыпырып турса дейт. Бизге окшогон кара расаларды көргүсү келбейт, ал эми негрлерди өлтүрүп эле тургусу келишет.Жаңы жылда пайгамбар жашына келген, КГБда жүргөндө «Платов» деген ысым алган Путин, ошол жерден немецче окуп, Меркелдин түшүн жооруп, ЦРУ менен башынан күрөшүп жүргөн. Ошондуктан, бир учурда жашырынып Германияда иштеп келген. СССРди алдыруу бул АКШ миллиардерлеринин тилеги болгону менен, СССР ичинен ириген. Бүгүн да Россия колдоого муктаж, эгерде биз Путинди, ынтымакты колдобосок, анда бизди Батыш тобулгу сыяктуу бирден сындырат. Путинди саясатка 1991-жылы Петербургга мэр болгон Собчак алып келген. Путин Санкт-Петербургга немец инвесторлорун тартып келген. Бийликтеги жан-жөкөрлөрү, азыркы Россиянын «азуулулары», Путин менен бирге иштешкен «ленинграддыктар»: И. И. Сечин, Д. А. Медведев, В. А. Зубков, А. Л. Кудрин, А. Б. Миллер, Г. О. Греф, Д. Н. Козак, В. П. Иванов, С. Е. Нарышкин, В. Л. Мутколор. 1996-жылы президенттин Иш башкаруучусу Павел Бородиндин орун басары, 1997-жылы президенттин аппаратын башкарып, 1998 –жылы КГБнын башчысы болот. Путиндин шердиги Ельцин сынап, КГБчы жасабаган оор тапшырма берсе «аскердик абийирди сактайм» -деп, аткарбай койот, Ельцин орус элине ушундай жетекчи керек экенин байкайт. Ошондуктан, полковник Путинге Ельцин генерал-майор чинин бергиси келет, бирок Путин генералдан баш тартып, граждандык жетекчи болот. Дал ушул мезгилдерде кыргыз КГБсын да гражданча капитан Мисир Ашыркулов башкарып турган. Путин бийликке келгенде СССРдин ишпалдасы чыгып, ШКУ менен БС бутунан тура баштаган. ШКУну Путин аскердик уюм катары көргүсү келсе, Кытай экономикалык уюм катары карап, Бажыны алып, чек араны ачкысы келет. БСнын базасында Путин мурунку союздаштарды чек араны ачып, бир союзга чогултууну үмтөтөт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»