www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роскомнадзор Фейсбук менен Твиттерге карата административдик иш козгоду. Аталган социалдык түйүндөр орусиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын сактоо пландары боюнча билдирүү беришкен эмес деп айыпталууда. Роскомнадзордун өкүлүнүн айтымында, америкалык компаниялар алардын суроолоруна “формалдуу” түрдө жооп беришкен. Орусия мыйзамдарынын учурда жана келечекте аткарылышы тууралуу маалымат беришкен эмес.

“Медуза” басылмасы билдиргендей, административдик иш маалымат бербөө беренеси боюнча козголгон. Мекеме буга чейин жеке маалыматтарды сактоо тууралуу мамлекеттик органдарга кабар бербегендерге беш миң рублга чейин айып пул салынарын эскерткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости