www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда пенсиясын банктардан алган пенсионерлер алты ай сайын Социалдык фонддон же өзү пенсия алган банктан каттоодон өтүп турушу керек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди:

- Бул пенсионерлер үчүн кошумча түйшүк эмес. Тескерисинче, пенсиясын банктан алган пенсионерлердин акчасы өзүнө тийсин деген максат. Буга чейин өзү каза болуп калып, балдары анын банк картасы менен пенсиясын алып жүрө берген окуялар катталган. Бул боюнча прокуратура иш да козгогон. Же болбосо пенсионер бир жакка кетип калат, анын пенсиясын небереси, баласы, келини банк картасы менен алып жүрө берет. Өзү акчасын ала албайт калат- деди Ирсалиев.

Пенсионер пенсиясын өзү алып жатканын тастыкташ үчүн жанында паспорту же пенсиялык күбөлүгү болушу керек. Ал кайсы жерде катталганына карабай Социалдык фонддун бардык бөлүмдөрүнөн каттоодон өтө алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости