www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-январда Фергананын борборундагы бузулуп жаткан үйдүн 44 жаштагы жашоочусу Виктор Аристов жүрөгү кармап каза болду. Туугандары ал үйдүн тургундарын башка жерге көчүрүүгө аракет кылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн басымына туруштук бере албай калганын билдиришүүдө.

«Акимчилик кызматкерлери менен анын үй-бүлөсүнүн ортосунда жаңжал болду. Жыйынтыгында үй ээсинин кан басымы жогорулап, жүрөгү кармап жыгылды. Эртеси ооруканада каза болуп калды», — деп билдирди маркумдун коңуларынын бири.

Шаар бийлиги азырынча бул окуя боюнча комментарий бере элек. Аристовдун өлүмүнөн кийин калаа башчынын орун басары прокуратурага чакырылганы айтылууда.

Аталган көчөдөгү үйлөрдүн тургундарынын айтымдарында, Фергана акимчилиги 2-январда жакынкы күндөрү онго жакын үй түрттүрүлө турганын билдиришкен. Бирок алар бийлик тарабынан сунушталган жаңы үйлөр шаар четинде экенин жана жакын жерде мектеп менен дүкөндөр жок экенин билдиришүүдө. Буга байланыштуу ондогон үй-бүлө үй жумадан бери көчүп кетүүдөн баш тартышууда.

Расмий маалыматтар боюнча Фергананын борборундагы көп кабаттуу үйлөр өткөн кылымдын 41-45-жылдары курулуп, учурда «моралдык жактан эскирген» деп эсептелинет.

Булак: "centralasian"

Последние новости