www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсиңиздерде болсо керек, 2017-жылдын аяк чендеринде ЖК депутаты Кенжебек Бокоев: «Менин кызыма белгисиз адам кол салып, саатын, телефонун, сумкасын, алтын шакегин тартып алыптыр» деп кыйкырып чыккан эле. Бул боюнча кылмыш иши да козголгон.
К. Бокоевдердин үй-бүлөсүнүн милицияга жазган арызы боюнча 2017-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарынын 12-кичирайонундагы №19 үйдүн ичиндеги лифттен анын жашы жетелек кызы А. Бокоевага белгисиз адам кол салып, бычак менен оң бутуна уруп, 15000 сомдук телефонун, 10000 сомдук алтын шакегин, 3000 сомдук кол саатын алып кеткен болот.
Бирок, тергөө, иликтөө иштери учурунда Бокоевдердин үй-бүлөсүнүн айткандары тастыкталган эмес. Көрсө, К. Бокоевдин кызы курбусу Э. Толтоеванын үйүнө ошол күнү барып, ашканасында бир аз отурган соң кайра кеткен экен. Курбусунун айтымында, ал А. Бокоеваны узатып коюп, кайра ашканасына кирсе, ал саатын унутуп калган болот. Андан кийин ал милиция кызматкерлери менен биргеликте А. Бокоеванын сумкасын телефону, студенттик билети, паспорту жана башка буюмдары менен кошо табышкан.
Мындан сырткары А. Бокоева өзүнүн көрсөтмөлөрүн ар кандай бере берген. Ал биринчи көрсөтмөсүндө 2017-жылдын 24-ноябрында болжол менен саат 19:30дарда өзүнүн үйүнүн подьездине кирип, лифт менен көтөрүлүп атканда, ага медициналык бет кап кийген белгисиз бир эркек кол салып, бычак менен сол бутуна уруп, саатын, телефонун, алтын шакегин тартып алганын айткан.
Анан кийинки көрсөтмөсүндө ал ошол күнү болжол менен 16:30дарда сабактан кайтып Орто-Сай базарынын жанынан маршруттук таксиден чыккандан кийин эмне болгонун билбей калган болот. Жаракатты да кайдан алганын да билбейт. Ага кол салуу болгонун же болбогонун да эстей албайт. Бокоевдин кызы ооруканага келгенде гана өзүнө келгенин айткан. Ошондон улам бул окуя боюнча козголгон кылмыш иши токтотулган.
Кенжебек Бокоев мырза сүйлөсө баарын мыйзамга такап сүйлөйт.
Бирок, өзү минтип саясий кызыкчылыгы үчүн кызын да курал катары колдонууга даяр экенин далилдеп койгон жокпу? Кызынын жоголгон буюмдары анын курбусунун батиринен табылып атканы эле эмнени каңкуулайт? Бул «спектаклди» Кенжебек мырза өзү ойлоп чыгаргандыгын түшүндүрө алабы? Бокоев мындай аракети менен өзүнүн саясаттагы кадыр-баркын арттыргысы келип жаткан жокпу?
«Мына менин саясаттагы ишмердүүлүгүмдөн улам үй-бүлөмө коркунучтар туулуп атат» деп айткысы келгенби? Бирок, ал жеке саясий кызыкчылыгы үчүн жашы жетелек кызынын психикасына доо кетирип атканын түшүндү болду бекен?- деп жазып чыкты Фейсбуктагы "Инсайдер Кыргызстан" тайпасы.
Булак: NazarNews.kg