www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда жергиликтүү дары-дармек өндүрүүчүлөрү коронавируска каршы чыгарган үчүнчү вакцина катталды. Ал – Орусия Илимдер академиясынын М.П.Чумаков атындагы Федералдык изилдөө жана иштеп чыгуу илимий борбору даярдаган “КовиВак” вакцинасы. Ал вакцина “өлтүрүлгөн” вируска негизделген жана анын натыйжалуулугу тууралуу маалымат азырынча ачыкталган жок.

"КовиВак" дары заты кишинин денесине коронавирустун «өлтүрүлгөн» түрүнүн анча-мынча бөлүкчөсүн киргизип, дененин иммунитеттик каршылыгын туудурат. Бул – вакцина өндүрүүнүн классикалык ыкмасына жатат жана ушул ыкма Кытай менен Индияда да колдонула баштаган.

Эми бул вакцинаны өндүрүү үчүн өтө жогорку деңгээлдеги биологиялык коргоо системаы камсыздалган лаборатория талап кылынат. Мындай лабораториясыз жаңы вакцинаны ири көлөмдөгү өнүм берчү өндүрүшкө салууга болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости