www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында  укук коргоо органдары кыргыз жаранын колго түшүрүштү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны Псков шаарында полиция кызматкерин сабап, качып кеткени үчүн издөөдө жүргөн.

 Окуя, 2016-жылдын 31-декабрында катталган. Кыргызстандын эки жараны мас абалында, Псков шаарындагы Жылдызча көчөсүндө турган автоунаага кол салган.  Мыйзамсыз бул иш үчүн  полиция кызматкерлери эки жаранды кармамак  болгондо, экөө аларды  сабап, качып кетишкен. Ошол күндөн бери алар издөөдө жүргөн.

Бул факты боюнча укук коргоо кызматкерине зомбулук көрсөттүү деген берене менен кылмыш иши козголгон.  Шектелгендердин бири Санкт-Петербург шаарында колго түшүрүлсө,  ал эми экинчисин издөө иштери жүрүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости