www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Москва облусунун Балашиха шаарында өзбек жарандарын сабаган полиция кызматкерлерине карата кызматтык текшерүү башталды. Бул тууралуу «Подмосковье сегодня» басылмасы облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Татьяна Петровага шилтеме кылып билдирди. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. 

«Текшерүүнүн жүрүшүндө полиция кызматкерлеринин күнөөсү далилденсе, алар укук коргоо органдарынан кетирилип, мыйзамга ылайык жазага тартылышат. Мындан тышкары алардын жетекчилиги дагы жоопкерчиликке тартылат», — деп билдирди Петрова.

Өткөн жумада Балашиха шаарында полициядан качып, экинчи кабаттын терезесинен секирип кеткен эки өзбекстандык оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Жабырлануучулардын айтымында, 20-сентябрда алар дагы эки мекендеши менен Умаров аттуу кыргыз жаранынын үйүнө конокко барышкан. Ошол маалда полиция кызматкерлери кирип келип, аларды сабай башташкан. Токмоктон качкан эки мигрант экинчи кабаттын терезесинен секирип качууга аракет кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости