www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аталган өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, 12-ноябрда шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн жарандардан арыз кабыл алуу аяктай турганын дагы бир ирет эскертти.
Жакынкы күндөрү шайлоочулардын тизмеде бар-жогун тактоо жана консулдук каттоого туруу мөөнөттөрү аяктайт.
Ал эми 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышууну каалаган Кыргызстандын жарандары 15-ноябрга чейин шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн консулдук каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшыра алары айтылды.
Буга байланыштуу элчилик мекендештерди добуш берүүгө активдүү катышууну жана Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмень, Томск, Иркутск, Якутск, Хабаровск, Владивосток жана Южно-Сахалинск шаарларында ачылган шайлоо участкаларына келүүнү өтүнөт.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы чакырылышта 90 депутат болот, анын 54ү партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ менен шайланып келет.
Булак: NazarNews.kg